Иш-чарага делегаттар жана тармактын ардагерлери катышып, кесиптик бирликтин акыркы жылдардагы ишмердүүлүгүнө кеңири баа берилди.
Жыйында угуучуларга комитеттин отчёту сунушталып, талкуулар жүрдү. Делегаттар тарабынан бир катар маселелер көтөрүлүп, аларды чечүү боюнча маанилүү чечимдер кабыл алынды.
Конференциянын жыйынтыгында Кызыл-Кыя шаардык кесиптик бирлик комитетинин төрайымы катары Абдиева Үмүт Нуралиевна кайрадан шайланып, көпчүлүк добуштун ишенимине ээ болду.


















