ЖЕТИ-ӨГУЗДО ЖАНЫ ТӨРАЙЫМ ШАЙЛАНДЫ

Жети-Өгүз районунда билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин уюштуруу пленуму болуп өттү. Иш-чарага төраганын орун басары Айбек Кудайкулов катышып, райондук деңгээлдеги профсоюз уюмунун ишмердигине байланышкан маселелер талкууланды.

Пленумдун жыйынтыгында ачык добуш берүү аркылуу комитеттин жаңы жетекчиси шайланып, көпчүлүк добушка ээ болгон Абдыкадырова Гүлзат Шариповна төрайым болуп тандалды.

Окшош жаңылыктар