Мелдештерге 10 тармактык комитеттен келген болжол менен 300 кызматкер катышты. Катышуучулар күчүн, эпчилдигин жана чыдамкайлыгын 9 спорт түрүндө көрсөтүштү: мини-футбол, волейбол, шахмат, бильярд, чуркоо, армрестлинг, аркан тартыш жана таяк тартыш.
Жыйынтыктардын негизинде Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин спортчулары жогорку натыйжаларды көрсөтүшүп, байгелүү орундарды ээледи:
• 1-орун — шахмат (айымдар)
• 1-орун — шахмат (эркектер)
• 1-орун — волейбол (айымдар)
• 1-орун — чуркоо (эркектер)
• 1-орун — үстөл тенниси (эркектер)
• 2-орун — армрестлинг
• 2-орун — чуркоо (айымдар)
• 2-орун — үстөл тенниси (айымдар)
• 3-орун — аркан тартыш
• 3-орун — таяк тартыш
Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин спортчулары башкы байге — кубокту жеңип алышты.


























