Урматтуу мугалимдер, студенттер жана окуучулар!
Сиздерди жаңы окуу жылынын башталышы жана 1-сентябрь — Билим күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Билим – ар бир адамдын гана эмес, бүтүндөй мамлекетибиздин келечегин аныктаган эң маанилүү баалуулук. Бүгүн миңдеген окуучулар жана студенттер билим дүйнөсүнө кадам таштап, жаңы максаттарга умтулушат.
Урматтуу мугалимдер! Сиздердин талыкпаган эмгегиңиздердин аркасында келечек муундар тарбияланып, коомубузга татыктуу адистер даярдалууда. Бул — чоң жоопкерчилик жана урматтуу миссия.
Жаштарга ийгиликтерди, чыдамкайлыкты жана тынымсыз изденүүнү каалайм. Ар бириңиздин билимиңиз өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошсун.
Жаңы окуу жылыңыз жемиштүү, ийгиликтерге бай жана жарык болсун!
Нурматов Рустам Асанович,
КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин
Борбордук комитетинин төрагасы














