Урматтуу мекендештер, кадырлуу кесиптештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Эгемендүүлүк – ар бир жарандын жүрөгүндөгү сыймык, мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн, демократиянын жана тынчтыктын башкы кепилдиги. Биздин милдет – ушул баалуулукту ыйык сактап, келечекке бекем көпүрө куруу.
Мекенибизге тынчтык, элибизге биримдик, ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөргө бакыт жана береке каалайм! Кыргызстандын желеги ар дайым бийик желбиреп, мамлекетибиздин даңкы дүйнөгө тарай берсин!
Эгемендүүлүк күнүңүздөр кут болсун!
Нурматов Рустам Асанович
Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы














