2025-жылдын 1-августунан 5-августуна чейин Чүй облусунун Токмок шаары, Чүй району жана Ала-Бука районунун билим берүү тармагында эмгектенген 96 мугалим “Кызыл гвоздика” эс алуу борборунда эс алышты

Агартуучулар таза абада эс алып, маданий жана спорттук иш-чараларга активдүү катышышты. Эс алуу борборунда түзүлгөн ыңгайлуу шарттар алардын толук кандуу эс алуусуна өбөлгө түздү.
Бул иш-чара мугалимдердин үзүрлүү эмгегине болгон терең ыраазычылыктын белгиси катары уюштурулуп, райондук жана шаардык кесиптик бирлик
комитеттеринин колдоосу менен ишке ашырылды.
Эс алуу иш-чарасына Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович жана анын орун басары Кудайкулов Айбек Обганович өздөрү барып катышышып, мугалимдер менен баарлашып, тилектерин билдиришти.

Окшош жаңылыктар