Жыйындын алкагында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүндөгү негизги багыттар каралып, төмөнкү
маселелер талкууланды:
– райондук жана шаардык комитеттердин отчеттук- кайра шайлоо жыйындарын өткөрүү маселелери;
—
Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин 100 жылдык мааракесине даярдык көрүү иштери;
ошондой эле бир катар уюштуруучулук жана учурдагы маселелер.
Президиумдун ишине Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин орун басары Альберт Дамирбекович Махметкулов катышып, өз сөзүндө министрлик менен кесиптик бирликтин кызматташуусун чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп өттү. Бул
кызматташуу билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлердин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоодо өзгөчө роль ойной тургандыгы баса белгиленди.
Жыйын иштиктүү жана конструктивдүү маанайда өтүп, жыйынтыгында тиешелүү чечимдер кабыл алынды.





