«Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мүчөлөрүнүн укук-милдеттери жана жоопкерчилиги» – темасында семинар өткөрүлдү

2025-жылдын 12-13-июнунда Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитети тарабынан Тоң районунда жайгашкан “Кызыл Гвоздика” ден соолукту чыңдоо борборунун базасында райондук жана шаардык баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары үчүн окутуу семинары уюштурулду.
Семинарга Ысык-Көл жана Нарын облустарынан келген жалпы 90 баштапкы кесиптик бирлик уюмдарынын төрагалары катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга төмөнкү багыттар боюнча кеңири маалымат берилди:
Эмгек укуктары жана кепилдиктери, Кесиптик бирликтин укук-милдеттери, Социалдык-экономикалык кызыкчылыктарды коргоо жана уюштуруу иштерин уюштуруу жолдору.
Семинардын соңунда катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, иш-чара ачык диалог форматында жогорку деңгээлде өттү.

Окшош жаңылыктар