КР Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кытай Эл Республикасына иш сапары

Эл аралык кесиптик бирлик кызматташтыгын өнүктүрүү алкагында 2025-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов жана Кыргызстандын Кесиптик бирикмелер федерациясынын төрагасы Мурадил Джумадилде уулунун Кытай Эл Республикасына иш сапары болуп өттү.

Сапардын максаты — Кыргызстандын жана Кытайдын кесиптик бирикмелери арасындагы эки тараптуу байланыштарды бекемдөө, билим берүү жана илим кызматкерлеринин укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо тажрыйбасын алмашуу, ошондой эле келечектеги кызматташтык мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо.

Сапардын алкагында делегация Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) өлкөлөрүнүн кесиптик бирикмелеринин жетекчилеринин жыйынына катышты, ал 2025-жылдын 9-16 май күндөрү Кытайда өткөрүлдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы кесиптик бирикмелердин биригүүсүн түзүү демилгеси айтылды, ал Еуразия мейкиндигиндеги эмгек мамилелеринин өнүгүүсүндө жана социалдык адилеттикти жогорулатууда маанилүү бурулуш чекити боло алат.

Окшош жаңылыктар