2025-жылдын 30-апрелинде Ат-Башы райондук кесиптик бирлик комитетинде кезектеги конференция болуп өттү

Конференциянын жүрүшүнө Кыргыз Республикасынын билим жана илим кесиптик бирлигинин борбордук комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов катышты. Райондук комитеттин 5-жыл ичиндеги аткарылган иштери тууралуу аталган комитеттин төрагасы Келдибек Керималиев баяндама жасады. Конференциянын жыйынтыгында делегаттар К.Керималиевдин отчетун кабыл алышты. Буга чейин Жаналы уулу Абдыракман атындагы орто мектебинин директору болуп эмгектенип келген Абдырашитов Рамис Ишенбаевич Ат-Башы райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Окшош жаңылыктар