Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитетине жаңы төрага шайланды

Жаңы кабыл алынган уставдын талаптарына ылайык, Сузак районунда кезексиз пленум уюштурулуп, анын жыйынтыгында комитетке жаңы төрага шайланды. Бул учурга чейин төрагалык кызматты Токтогулов Шерикбай Керимбаевич аркалап келген.

Пленумда Матмузаева Нургүл Режевалиевна көпчүлүктүн добушуна ээ болуп, Сузак райондук комитетинин төрагасы кызматына шайланды.

Жыйынга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин борбордук комитетинин төрагасы Рустам Нурматов катышты. Пленумдун аягында кесиптик бирликтин ишмердүүлүгүнө салым кошкон айрым мүчөлөр «Кесиптик бирликтин мыктысы» төш белгиси жана Ардак грамоталар менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар