Пленумга Кыргыз Республикасынын билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин төрагасы Р.А. Нурматов жана Борбордук кесиптик бирлигинин Ош облусундагы өкүлү Э. Адиматовдор катышышты.
Күн тартибинде Кара-Кулжа райондук кесиптик бирлигинин төрайымынын арызынын жана тармактык кесиптик бирлигинин Уставынын талабына ылайык төрайымдык кызматынан бошотуу ошондой эле жаңы төрайымды шайлоо маселеси каралды. Уставка ылайык З. Сасыгулова ээлеген кызматынан бошоп, анын ордуна Пленум мүчөлөрү Н. Танатарованын шайлашты.