Мурдагы төрайым Джамантева Б.А. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин съездинде каралган Уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолорго ылайык, кызматын расмий түрдө өткөрүп берди.
Пленумга Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасынын орун басары Айбек Кудайкулов, уюштуруу бөлүмүнүн башчысы А. Канатбеков, ошондой эле Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Садыр уулу Руслан катышты.
Жыйындын чечими менен Жумгал райондук кесиптик бирлик комитетинин төрайымы болуп Узакова Медина Эсентаевна шайланды. Ал буга чейин А. Идинов атындагы орто мектебинин директору кызматын аркалаган.
Пленумдун жүрүшүндө кесиптик бирлик кыймылына кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлерге Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамоталары жана “Кесиптик бирликтин мыктысы” төш белгиси .


