Ош шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2020– 2024-жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча ХХVIII отчеттук-кайра шайлоо конференциясы болуп өттү.

Конференцияга Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин төрагасы Нурматов Рустам Асанович, Кыргызстан Профсоюздар Федерациясынын
төрагасынын орун басары Боенов Саламат Акылбекович, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Коконович Бектурсун Коконович, ошондой эле Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын профсоюз комитеттеринин төрагалары, мектеп жана мектепке чейинки билим берүү
мекемелеринин жетекчилери жана профактивдер
катышты.
Жыйында Ош шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин 2020-2024-жылдар аралыгында аткарган иштери боюнча кеңири баяндама угулуп, делегаттар тарабынан талкууланып, аткарылган иштерге жогорку баа берилди. Отчет канааттандырарлык деп табылды.
Бүгүнкү күнгө чейин талыкпай эмгектенип келген, Ош шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Балтабаев Абдыкалык Орунбаевичке ыраазычылык билдирилип, каалоо- тилектер айтылып, ардактуу эс алууга узатылды.
Андан соң жаңы төраганы шайлоо өткөрүлүп, бул орунга Аттокурова Айтолкун, Назарова Алтынай, Боркошев Бактыбек жана Акматов Жоомарт талапкер катары көрсөтүлдү. Биринчи турдун жыйынтыгында эң көп добуш алган Боркошев Бактыбек жана Акматов Жоомарт экинчи турга өтүп, добуш берүүнүн жыйынтыгында Ош шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы болуп Боркошев Бактыбек Мырзамидинович шайланды.
Конференциянын жүрүшүндө кесиптик бирлик кыймылын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн бир катар кызматкерлер “Ардак грамота” жана “Профсоюздун мыктысы” төш белгиси менен сыйланышты.

Окшош жаңылыктар