Урматтуу кесиптештер!
Бардыгыңыздарды Орозо Айт майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!
—
Орозо Айт бул биримдик, тынчтык жана руханий тазалыкка жетүү үчүн керемет мүмкүнчүлүк. Бул майрамда кайрымдуулук менен жасалган бардык иштерибиз, тилектерибиз жана аракеттерибиз майрамдын маанисине туура келет
Бул ыйык майрам бизге алгачкы кезекте чыдамдуулук, сабырдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу баалуулуктарды эскертип, жакшылыктарга толгон күндөрдү тартуулайт.
Ар бириңиздерге бекем ден соолук, үй- бүлөңүздөргө жана жакындарыңызга бейкутчулук каалайм!
Орозо Айт майрамы бизге жаңы үмүттөрдү, жакшы иштерди жана жаңы жетишкендиктерди алып келсин!
Урматтоо менен,
борбордук комитеттин төрагасы
Рустам Нурматов